www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-августта Токмок шаарында кикбоксинг боюнча мелдеш учурунда — рингде каза болгон 14 жаштагы М.Абдулла Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн тургуну болгон. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалай Тезекбаев кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, маркум Ош шаарындагы мектептердин биринде билим алып жаткан. Ал эми Ош облустук спорт комитеттин башчысы Токтосун Камчыевдин айтымында, cөөктү ата-энеси өздөрү алып келип, баласынын өлүмү боюнча доосу жок экенин айтышкан. Маркум акыркы сапарга узатылды.
М.Абдулла жеке менчик спорт клубда машыгып келген. Ал эми бул мелдешке чейин спортчулар Кара-Суу райондук спорт комитетине кайрылбай, өз алдынча кетишкени белгилүү болду.
Буга чейин күбөлөр: «Мелдеш Токмок шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлүп жаткан. Болжол менен саат 11:30-12:00 чамасы болчу. Каза болгон бала токмоктук 14 жаштагы спортчу менен беттешке чыккан. Жаӊы башталганда экөө бири-бирине анча деле сокку урбай, ары-бери буйтап жатышкан. Аңгыча маркум бала артына бурулуп басып баратып, жерге жыгылды. Баарыбыз шок болуп карап калдык. Анткени ал жыгыла тургандай сокку болгон эмес.
Мектептин медициналык кызматкерлери бар. Ошолор дароо биринчи жардамды көрсөтүштү. Бала эсине келбегендиктен тез жардам чакырышты. Бирок эмнегедир тез жардам кызматы келген жок, анан ооруканага өздөрү алып кетишти», - деп билдиришкен.
Булак: "Турмуш"