www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул аймагында 2019-жылдын 1-августуна чейин депутат Тотонов Нурбек, Адылбек аттуу тууганы менен “Шамшыкал” аталган мал базарды ижарага алып 3 жыл иштеткен. Ушул жыл аралыгында базарга бир тыйын каражат жумшабай, шарт түзбөй базардан түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө гана салышкан.

2019-жылдын 1-августунан тартып депутат Тотонов менен болгон келишим бүткөндөн кийин мышык ыйлай турган акыбалына келген мал базарды анын чыныгы ээлери Алтынай Рыскулова аттуу жаранга сатышкан. Алтынай Рыскулова талкаланган мал базарды сатып алып, үй-бүлөсү менен жапа тырмак иштешип, аны оңдоого ири өлчөмдөгү кредиттерди алышкан.

Ал эми бекер акчага туйтунуп көнүп калган Тотонов “Жаңы-Жол” айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эркин Абасканов менен жакшы мамиледе болгондуктан, ошол айыл өкмөттөн жер бөлдүрүп атайын мал базар курдурган жана ошол айыл-өкмөтүнө караштуу жерге Ош-Бишкек трассасынын боюна май куйуучу жай салдырган. Ушул эле айыл өкмөтүнөн жер алып, мал сарайларды курдуруп күтүрөгөн малдарды, үйүр-үйүр жылкыларды күткөн.

Мигранттар үй куруу үчүн жети сотых жер ала албай жүргөндө депутат Тотоновго Жаңы–Жол айыл өкмөтү гектарланган жерлерди тартуу кылганы айтылууда. Айыл өкмөтү Эркин Абаскановдун ал эмгеги үчүн Токтогул райондук социалдык фондусунан ири өлчөмдөгү акчаларды Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө Тотонов бөлдүрүп берет деген кеп бар. Ошол атайын эсептеги акчаларды текшерип, иликтеп көрсө да бир топ кыңыр иш былгып чыкчудай...Азырынча сөз Тотонов жана мал базар жөнүндө болсун...

Ошентип, Тотонов атайын курдурган мал базарына кашайып эл барбайт. Карапайым көнүп калган, Алтынай Рыскулова сатып алган эски базарга каттай берет. Тотоновдун мал базарын иштеткен кишилери, “мал базар күнү-түнү иштейт, малдын кирүүсү акысыз", - деп жарнама кылып какшанышса да, мал базар үчүн таптакыр ыңгайсыз, карапайым калк үчүн жол киреси кымбат, ветеринардык талаптарга жооп бербеген ал базарга баш бакпай коюшат. Айласы кеткен депутат бөрк ал десе баш алган Токтогул районунун "пахтакор" чиновниктерди пайдаланып бир нече жолу Рыскулованын мал базарын жаптырганга аракет кылды. Керек болсо милиция кызматкерлерин жолду тостуруп, элди малы менен өз базарына айдаттырып көрдү. Эл толкуса сел демекчи, эл ачык эле ал жакка барбайбыз деп айгай салганда ал ыкманы токтотту.

Учурда дагы Тотоновдун тополоңу жаз келээри менен башталып, өзү канча жылдан бери иштеп келе жаткан мал базарды, стандартка туура келбейт деген шылтоо менен жаптыра албай убара. Ага көмөк көрсөтүп Токтогул райондук Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчиси Эрлан Масилканов буту-бутуна тийбей чуркап жүрөт. Ушул жерден суроо туулат, ошол мал базар 20 жылдан бери иштеп келет. Эмне үчүн Тотонов иштеткен учурда азыркыдай байма-бай текшерүү болуп, жаптырыш керек-деген аракет болгон эмес. Же унчукпаш үчүн мындай жерлерди сөзсүз турдө чиновниктер иштетиш керекпи? Жөнөкөй жаран ал жерди сатып алганына көп болсо 1 жыл 7 ай болуптур. Анын 1 жылы пандемияга туш келип базар бир иштеп, бир иштебей турду. Ошондо дагы жаңы базар ээлери мал байлаган жаңы мамыкчаларды салдырганга (мурда 3 эле казык болгон), жаңы ажаткана салдырганга (мурункусу киши киргис экен), жаңы бастырма салдырганга, мал сатып келгендер тамактаныш үчүн жылуу, жабык жайга ашкана ачканга жетишишкен. Мурунку иштеткендер мал башына 30-40 сомдон алышса, жаңы ээлери мал башына 20-25 сомдон кылып түшүрүшкөн. Бул мал сатуучулар үчүн чоң жардам. Аны өздөрү да айтып ыраазы болуп отурушат. Эмки санда мал менен иштеген адамдардын бул боюнча пикирин жарыялайбыз. Алар муну бут тосуу деп ачык эле айтып атышат. Базарды четинен оңдоп келе аткан мал базар ээлерине Тотонов жана андан “титириген” Токтогулдун чиновниктери тийишпесин!

Акырында айтаарыбыз азыр заман жакшы жагына өзгөрүп оңой олжого туйтунгандардын күнү батып баратканын депутат унутпашы абзел. Айрым бир ууч чиновниктер өз кызыкчылыгы үчүн жеке ишкерлерге тоскоол болбосо... Антпесе мал менен жан баккан жергиликтүү адамдар Президентке кайрылганга чейин барабыз деп жатышат...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости