www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу жабыркаган баланын атасы жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Маалыматка караганда, Токтогул районуна караштуу Торкен айылындагы Ашыралиев атындагы мектепте 1-класста окуган окуучуну 8-класстын окуучусу каттуу сабап салган. Сабалган бала денесинен, башынан жаракат алып, Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда. 

Окуя ушул жылдын 15-ноябрында катталган. 1-класстын окуучусу мектептен чыгып келе жатканда, 8-класстын окуучусу кармап алып, андан акча талап кылган. Бала акча жок экенин айткандан кийин, өспүрүм бала анын чөнтөктөрүн оодарып акча таап алган. «Эмнеге калп айтасың?» деп окуучуну катуу ур токмокко алып, андан соң бул тууралуу эч кимге айтпоосун талап кылган.  Сабаган баланын үстүнөн жабыркаган баланын ата-энеси арыз жазып, баланы  соттук-медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. Азыркы учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости