www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик керектүү фигураларды ыңгайлуу жерде пайдаланып, ыңгайы бүткөндө иттен чыгарып койгон ыкманы абдан катуу өздөштүргөн шекил. Ким керек болгондо досу, кереги жок кезде анын пайдасы ташка тийсин, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Эсеби маселен депутат Канат Исаев азыркы бийликке экс-ажо Атамбаевдин кол тийбестигин алууда өтө керектүү фигурага айланып, анын оозу менен элдин баарын жамандаткан. Дал ошол "кызматы үчүн" депутат Бакыт Жетигеновдон Канат Исаев токмок жеген жайы бар. Оозу, мурду кан жалаганча кызмат өтөп берген бийлигине азыр өзү кереги жок болуп турат. Анткени парламенттик шайлоо алдында элге жек көрүндү болуп калган, кадыры калбаган Исаевди бийлик короосунан оолактатууга кызыкдар. Азыр Исаев еврейлердин анекдотундагы керектүү кезде короого киргизип, кереги жокто короодон чыгарып койгонулактай абалда.

Чындыгында Канат мырза амбициясы менен жөндөмү дал келбеген, "пайдаланылып бүткөн буюм". Ал эми "Кыргызстан" партиясы азыркы бийликке керек. Себеби босогодо парламенттик шайлоо. Түндүктүк партия катары сыпатталган партия азыркы бийликтин жашын узартканга чоң тирөөч. Демек. анын катарын тазалап, жаңы кан куюу үчүн ириде Канат Исаевден кутулуу зарылчылыгы бар. Оңдой берди болуп Исаев өзү кылтакка илинип берди. Күйөө баласы УКМКнын кызматкери Бакай Эшенкулов "вещдок" катары сакталып, Карганбек Самаковдун соттук иши менен сейфте катылуу жаткан 200 миң доллар акчаны сыртка алып чыгып, сөздүн түз маанисинде уурдап деген маалымат тараган.

Мына ушул ишти Исаев президенттин иниси Асылбек Жээнбековго кирип, УКМК башчысы Орозбек Опумбаевге чыгып, ишти бас-бас кылганга жетишкени коомдо кызуу талкууланууда. Ал ортодо Ак үйдүн саясий технологдору Канат Исаевди короодон чыгаруу мүмкүнчүлүгүн дал ушул ишке байлап туруп, Карганбек Самаковдун ишине байланыштуу пара алды деген шек менен абакта жаткан экс-прокурор Улан Чалабаевдин атасына атайын арыз жаздырып, сейфтеги "вещдок" катары сакталып жаткан 200 миң доллардын жоголушу менен президентке кайрылуу жөнөттүрүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына атайын маалыматтарды таратты.

Натыйжада Исаев жаман көрүнүп, 200 миң долларды ордуна коюп бергенине карабай коомчулуктун таландысында калды. Бул иш депутат Канат Исаевдин беделине күтүлбөгөндөй сокку урду. Маселе башкада. Буга чейин УКМКда, Финполицияда мындай "вещдоктор" миллиондоп жоголуп келген. Жакында эле дал ушундай "вещдок" финансы полициясында жоголуп, алты миллион сомдук нак алтындын дареги чыкпай кылмыш иши ачылды. Ал эми 2010-жылдан кийин ишкер Урмат Барыктабасовдун ишине байланыштуу делген 700 миң доллар акча да УКМКдан жоголуп кеткени буга чейин бир канча ирет айтылган. Ал кездеги УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бул боюнча маалымат берүүдөн азыркыга чейин качып жүрөт. Бул коомчулукка чыгып кеткен маалыматтар эле.

Ал эми чыкпай жаткан маалыматтар канча. Дал ушундай "кир операцияларды" ыңгайына жараша чыгарып, керек жерде катып коюп жаткан УКМК бийликтин саясий камчысы экенин ушул фактылар ачыктап турат. Ал эми депутат Канат Исаевдин феноменине келсек, ал азыр канчалык бийликтин биринчи көзүрлөрүнө кирип, 200 миң доллар бюджетке которулду дедиртип УКМК аркылуу билдирүү тараттырбасын, баары бир бөтөлкөдөгү жин чыгып, 200 миң долларды күйөө баласы алып кеткени ачыкка чыгуу менен коомчулукта терс пикир жаралып калды.

Шайлоо алдында Исаевдин рейтинги эл алдында эмес бийлик алдында түшүп, бечелге айланды. Бул азыркы бийлик үчүн абдан керектүү эле. Анткени өкмөт башчы болууга амбициясы бар, келечекте азыркы президенттин мураскери болууга жандалбастап жүргөн Канат Исаевдин карьералык өсүшүнө азырынча үтүр коюлду. Мындай килем алдындагы күрөш улана берсе, анын келечегине чекит коюлчу күн алыс эмес экенине жакынкы күндөрү күбө болобуз.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости