www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текстиль жааты Кыргызстандын экспортко багытталган кирешелүү тармактарынын бири болуп зсептелинет. Буга чейин экспортко чыгууда, өзгөчө чет элдик буюртмачылар менен ири келишимдерди түзүүдө кыйынчылыктар болуп келсе, мындан ары Кыргызстанда тигилген текстиль продукцияларын өнүккөн өлкөлөргө экспорт кылганга жеңилдиктер түзүлдү. Бирок бул жеңилдиктер түзүлгөнү менен деле көйгөйлөр жок эмес. Ошол көйгөйлөр тууралуу экономика боюнча экперт Төлөнбек Абдыров менен маек курдук. 

- Жеңил өнөр жай боюнча жакшы мыйзамдар колдоого алынууда. Бирок атаандаштыкка турууга дагы тоскоолдуктар, көйгөйлөр көптөй... 

- Шарттар жакшы эле түзүлүп жатат, Бизде жеңил өнөр жай ассоциациясынын лоббиси жакшы болууда. Алар өкмөт аркылуу өзүнө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып жатышат. Бирок бул жетиштүү эмес. Эң негизгиси, атаандаштыкка турганга эл аралык стандарттардын баарын өткөрүш керек. Баары ошол стандарттарга туура келиши шарт. Андан тышкары, кездемелер өзүбүздө иштетилип чыкса, анда баалар дагы төмөнүрөөк болуп, атаандаштыкка да туруктуулук менен туруп берет элек. Андай мүмкүнчүлүктөр жок, пахта болобу, жүн болобу, жибек болобу, бизде жетиштүү чыкпай калган. Ошондуктан кездемелерди Кытай менен Түркиядан кымбат баа менен алабыз. Балдардын, аял-эркектердин саркеч кийимдерин тигип, атаандаштыкка туруштук бергендей болуп, бирок, сырье тыштан келгендиктен алсыздык сезилүүдө, аксап калуудабыз. Илгери союз убагында пахталар эл аралык стандарт менен чыгып, жүн болсо «меринос» деген койлордун атайын породасы өстүрүлүп, ошондон алынчу. Асыл тукум ошондой койлор багылчу. Жибектер чыкчу. Демек, кездемелер озүбүздөн чыгып турса, жеңил өнөр жайда даярдалган кийимдердин да баасы төмөн болмок. Азыр өкмөт жакшы эле мүмкүнчүлүк түзгөнгө аракет жасап жатат. Ошентсе да атаандаштыкка туруштук берүү оорураак болууда. 

- Жүн азыр кандай өндүрүлүүдө? 

-Баягы 1990-жылдардагы менчиктештирүү убагынан кийин «меринос» асыл тукум койлору жоголуп кеткен. Азыр анча-мынча эле чарбалар чыгарат. Алар жетишсиз жана кымбат. Пахтаны азыр деле өстүрүп жатабыз. Бирок түштүктөгү пахтаны кайра иштетүүчү комбинаттар эчак иштебей калган. Өзүбүздөн кездеме чыкпай калды. Мунун баарын туура жолго коюп, өнөр жайды иштетсек, атаандаштыкка каршы туруп, экономикабызга да жакшы салымдар кошулмак. Бүгүн ушундай шарт түзүлбөй турат. 

- Өзбекстандын Анжиян шаарынан арзан баада кийимдер көп келгенин байкайбыз...

- Алардын сапаты начар, бирок баасы арзан. Эл баасына карап эле ала беришет. Аларда пахта өздөрүнөн чыгат. Кыргыздарга, тажиктерге сата беришет. Анан атаандаш болуп, рынокту алып коюшат. Өзүбүздүн кездемелерди чыгарсак, жеңил өнөр жай жакшы өнүгүп кетет эле. Мисалы, Кытай, Түркияга окшогон чоң мамлекеттер өнөр жайдагы багыттарын өнүктүрүп, анан калганын өркүндөтүп-өстүрүп кетишкен.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости