www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ Factcheck.kg  интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу кылмышын ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 2020-жылдын  9-январында саат 12:45те, 102 маалымат борборуна Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Factcheck.kg  интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, күч колдонуу менен сабап телефонун алып качып кетишкен.
"Аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Factcheck.kg  интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар берилген",- деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости