www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык кызматкерлерди сабоо боюнча "челлендж" болуп жаткан өңдөнөт. Дегенибиз Бишкекте мас киши баласына жардам көрсөтүп жаткан  №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгерлерине кол салгандыгы тууралуу жазганбыз.

Анда эки жаштагы баланы ата-энеси температурасы жогорку абалда алып келишкен. Дарыгерлер  баланы жандандыруу бөлүмүнө алып киргенден соң, мас абалындагы ата дарыгерлерди сабап, милиция келгенге чейин чабуулун токтоткон эмес.   

Ал эми кошуна Өзбекстанда да 2020-жылдан бери ушундай эки факты катталган. 

4-январда  бейтаптын тууганы медициналык кызматкерди сабаган. Натыйжада медкызматкердин жабык  баш сөөк жаракатын алып, бир көзүнөн катуу жабыркаган. Ал эртеси көзүнөн оор операция болгонуна карабай, бир көзү азиз болуп калды.

Ушундай эле 2-факты Сурхандарыя облусттук көп тармактуу балдар медициналык борборуна температурасы жогору болгон эки жаштагы баланы алып келишкен. Эки жаштагы бейтапты коштоп келген туугандардын арасында чоң энеси да жүргөн. Ошол чоң энеси медайымды себепсиз каргап-шилеп, сабап кирген. Чоң эненин мындай жоругу бейтапканадагы видеокөзөмөлгө түшүп калган. 

Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрилиги официалдуу билдирүү жасады. Билдирүүдө  жабыркаган медайым С. Б. Облусттук травмотология бөлүмүнө жаткырылып, анын баш сөөгү чайкалгандыгы жана беттеринде көк ала шишиктер болгондугу айтылып, кол салган чоң эненин үстүнөн кылмыш иши ачылгандыгын кабарлашкан. 

Жогорудагы окуялардан кийин дарыгерлерди коргоо боюнча мыйзам Өзбекстандын Олий Мажилисине жөнөтүлдү.

Бизде мындай мыйзам жок болгондуктан, башкы дарыгер Жусуп Бошкоев:"Биздин дарыгерлер   жарандардын ден соолугун сактоого аракет кылып жатса, аларды  сабаганы өкүнүчтүү.  Дарыгерлерди мыйзамдуу түрдө коргоо керек. Кошуна өлкөлөр мурдатан эле дарыгерлерин  коргоп келет”,-деп өз нааразычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости