www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.

Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.

2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 275,4 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 млн сом деп пландалып жатканын билдирди.

Ошону менен бирге мамлекет тарабынан социалдык милдеттерди так аткаруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн натыйжалуулугун катуу көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости