www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда маалымдагандай, Нарын  облусунун  Кочкор районунда 36  жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунун натыйжасында каза болгон. 

2020-жылдын 1-январында болжол менен саат 12:40 чамасында Кочкор райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 36  жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунан каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.  Каза болгон келинди биринчи тез жардам кызматынын фельдшери көрүп, маалымат берген. 

Окуя болгон жерге Кочкор РИИБнин кызматкерлери барып, өлгөн адамды кароо жүргүзүү учурунда ур-токмоктон каза болгонду аныкталган. Жогорудагы кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.У. аттуу  анын жолдошу кармалган. 

Тергөө тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда (адамдын өлүмүнө алып келген ден-соолугуна оор залал келтирүү) сотко  чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, 2020-жылдын 4-январында болжол менен саат түнкү 01:00дор чамасында Баткен облустук ооруканасына ур-токмоктун натыйжасында денесине алган жаракаттары менен аял киши келип түшкөн. Алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Окуя болгон жерге ычкам –тергөө тобу барган. Өлгөн аял кишинин денесин кароо жүргүзүү учурунда көптөгөн шишиктер, жаракаттар жана күйүктөр аныкталган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130- беренесинин негизинде (Киши өлтүрүү) сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы фактылар үй-бүлөөлүк ур- токмоктун  натыйжасында каза болгондугу аныкталган.

Азыркы учурда, шектүүлөр 2 ай мөөнөткө камакка алынган. Буга чейин, каза болгондор тарабынан ички иштер  органдарына эч кандай расмий арыз жана билдирүүлөр түшкөн эмес. 

Аялдарга карата болгон үй-бүлөөлүк зордук-зомбулук азыркы учурда актуалдуу болуп эсептелинет. Бул багытта ишти алып баруу учурунда кыйынчылыктар жок деп айтууга болбойт. Себеби бардык эле жабырлануучу  расмий арыз менен кайрыла бербейт. Мындай учурларда жабырлануучу тарап арызы менен кайрылбаганы жана күбөөлөр дагы мындай фактыны ачыкка чыгарбагандыгы тынчсыздандырат.

Эгер мурда үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукка карата административдик жаза каралса, 2019-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы кодекстердин негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган жана Жоруктар кодексине киргизилген.

Муну менен бирге 2017-жылы кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөөлүк зордук –зомбулукка каршы коргоону” мыйзамы үй-бүлөөлүк зордук –зомбулук субьектилерин алдын алууну кеңейткен. 

2019-жылы 5миңден ашуун үй-бүлөөлүк зордук зомбулук фактылары катталган. Анын ичинде физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктар катталган. Ички иштер органдары тарабынан айтылган убакыт ичинде 5000ден ашуун коргоо ордери берилген, катталган 580 үй-бүлөөлүк зордук-зомбулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарынын негизинде төмөндөгүдөй жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертебиз: 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

VII БӨЛҮМ. ИНСАНГА КАРШЫ ЖОРУКТАР

15-глава. Ден соолукка каршы жоруктар

65-берене. Уруп-сабоо

Уруп-сабоо же денеге ооруксунуу келтирген башка зомбулук аракеттерди жасоо, -
I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

66-берене. Ден- соолукка жеңил зыян келтирүү

1. Адамдын саламаттыгына анын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келбеген жеңил зыян келтирүү, -I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

2. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту бир аз туруктуу жоготууга алып келген ушундай эле жосун, -II категориядагы айып пул, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

67-берене. Абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү

1. Абайлабагандан адамдын ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирүү, -
I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага алып келет.

2. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам адамдын өз кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен улам жасалган ушундай эле жосун, -
II категориядагы айып пул, же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага алып келет.

69-берене. Жардам көрсөтпөө

Эгерде күнөөлүү адам жабырлануучуга жардам көрсөтө алса, өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон абалда турган жана жаш бала, карыя, оору же алсыз экенинин кесепетинен улам өзүн өзү сактоо чараларын көрүү мүмкүндүгүнөн ажыраган адамга жардам көрсөтпөө же жабырлануучунун ушундай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же адамдарга билдирбөө, - II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

16-глава. Жашы жетелектердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин тартибине каршы жоруктар

75-берене. Үй-бүлөдөгү зомбулук

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңдештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, буга тете эле ага дене-бойлук же психикалык азаптануу келтирген же болбосо анын дене-бойлук же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген кандай болбосун атайылап жасаган аракети, - II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

76-берене.

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, - II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости