www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келин өрттөнүп жатканда  күбөлөрдүн  баары жардам бербестен карап турган. Бул тууралуу жабыркаган келин өзү билдирди .

 “Мен өрттөнүп жатсам баары жардам бербестен карап турушту”,-дейт жабыркаган келин.

Эске салсак, 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол шаарындагы  Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү кармалган.  Ыкчам-тергөө тобу териштирүү жүргүзүү маалында Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы Б.С. аттуу тургунун  Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н.  аялы менен пикир келишпестиктен улам бензин чачып, күйгүзүп жибергени аныкталган.  Келин алган жаракатынан Ысык-Көл облустук  ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

Аталган факт Каракол ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып,  келиндин жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Шектүү Ч.Н. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости