www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндияда жубайлар кызын сокур болгонго мажбурлашып, эгер ал макул болбосо Украина менен коркутушкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыздын атасы 2014-жылдын май айынан баштап 2019-жылдын октябрь айына чейин жөлөк пул алып келген. Ал кара көз айнек жана таякча менен жүрчү.

2015-жылы жубайлар 15 жаштагы кызын начар көргөн адам болосуң дешкен. Кыз атайын мектепке барууга, медициналык текшерүүлөрдөн өтүүгө мажбур болгон. Ошондо дагы үй-бүлөнүн калпы ачыкка чыккан эмес. Төрт жылдын ичинде жубайлар  42 миң доллардан ашык акча алышкан.

Жубайлар кызды эгер алар айтканын кылбаса, Украинага кайтабыз деп коркутушкан. Алар Украинадан Финляндияга көчүп келишкен.

Кыз чыдабай кетип дарыгерге бардык чындыкты айтып, ата-энесине баруудан баш тарткан.

Хельсинкинин(Финляндиянын борбору) соту жубайларды алдамчылык үчүн 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ошондой эле алар финансылык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости