www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-декабрь күнү сот имаратынын алдындагы апасын күтүп жаткан кыздын сүрөтү социалдык тармактарга тарап, ал Кундуз Жолдубаеванын кызы экендиги маалым болгон. Социалдык тармактарда бул окуяга колдонуучулар нааразы болуп, кээ бири сотко кызы аркылуу үй камагына чыгуу үчүн атайын басым көрсөтүүнү көздөп жатат дешсе, айрымдар баланын психикасын бузулгандыгын айтып, бушайман болушкан.
Алмазбек Атабаевдин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева кызын эмне үчүн соттун имаратына алып келгендигин себебин өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Көпкө чейин бул билдирүүнү жазсамбы же жокпу деп ойлоп жүрдүм. Акыры жазууну туура көрдүм. Дарига-менин 5 жаштагы кызым, аябай дилгир. Мүмкүн кеч төрөлгөн балдар, кала берсе тун балдар ошондой болор. Көпчүлүк Кой-Таш окуясында кызым кайсы жерде болгонун сурашты. Жыл сайын жайында кызым Нарынга, таене-таятасыныкына барып эс алып келет. Жалпы Кой-Таш окуясына байланыштуу кызым мени менен УКМК имаратына да барган, ММКларга интервью берген учурумда жанымда болгон. Бир ирет кызым башкы бетинде Алмазбек Атамбаевдин темир тор артында түшкөн сүрөтү менен гезитти көтөрүп келиптир "Апа, эмнеге Атамбаев темир тор артында кайгылуу отурат?",- деп сурады. Кийин дагы бир сурактан келгенден кийин "Эмнеге сенин досторуңдун баарын камакка алып жатышат?",- деп дагы сурады.
Ал биринчи кезекте өз өлкөсүнүн эркин жараны. Мен аны дайым жеке инсан катары карайм, кызымдын өзүнүн жеке пикири, тандоо укугу бар. 29-декабрь күнү бизди ИИМдин тергөө башкармалыгында 6 саат кармап, саат 20:00дө гана оор кылмышка шектелип жатканымды билдиришти. Мен кызым менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурандым. Бирок бизди криминалдык милициянын унааларында ыкчам топтун кызматкерлери коштоп сотко алып барышты. Сот залына эч кимди киргизишкен жок. Мен кармалбасам да сыртка чыгарбай жатышты. Мындай көрүнүшкө кыжырданган Замир Жоошев (адвокат) мени Даригуша менен коштошуп алсын деп күч менен алып чыкты. Тергөөчү менен прокурор 9-февралга чейин мени камакка алууну сурашты. Бул учурда мен кандай абалда болгонумду элестете албайсыздар. Диванда отуруп алып сиздерге мораль айтуу оңой. Мен ал учурда бир гана нерсени - дагы бир жолу кызымды кучактап өөп, аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтып алууну ойлогом. Мен бул өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм", - деп сөзүн жыйынтыктаган Жолдубаева.
Эске салсак, 27-декабрь күнү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгына саат 14:00дө сурак берүүгө кирип, кийин барымтага алуу, баш аламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу айыптары коюлганы маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg