www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин Иранга каршы аракеттерге даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
АКШ президенти телеканалдардын бирине маек берип жатып, "Америкалыктарга кайсы бир жерде коркунуч туулса, мен тийиштүү аракеттерди жасоого даярмын. Бул бөтөнчө Иранга тиешелүү", — деп кайрылуу жасаган.
Муну менен катар, Трамп Вашингтон ирандык генералды өлтүрүү менен согушту токтотууга аракет кылганын билдирген. Ошол эле учурда президент АКШ Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөбөгөнүн белгилеген.
Эске сала кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атаган. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн моюнуна алган.
“АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледен билдирген.
Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон бейшембиде АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары ондогон аскерлер жана Ирак шииттери, куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.
Ирандын жогорку лидери Али Хаменен Сулейманин өлүмү үчүн өч алууга убада берген.
Булак: NazarNews.kg