www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура бир айдан кийин Садыр Жапаров түрмөдөн чыгыш керек. Себеби, жатак абакка чыкчу мөөнөтү келди. Түрмө жетекчилери бир эмес, эки жолу эсептеп чыгышып, 05-февраль күнү жатак абакка чыгат деген справкасын беришти.
Мындан туура эки ай мурда мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен 20 жылга соттолгон Алтынбек Муралиев жатак абака чыккан. 10 жылга соттолгон Садыр Жапаровдун мыйзамдуу мөөнөтү 05-февраль күнү келет. Алтынбек Муралиев 20 жылга соттолгон мөөнөтү менен кантип эки ай мурда чыгып кетти түшүнүксүз.

"Түрмөгө жыландын баласы жатпасын"-деген сөз бар Кыргызда. Анысыңарындай биз Алтынбек Муралиев түрмөдө жатсын деген оюбуз жок. Жөн гана  элдин баарына иштеген мыйзым Садыр Жапаровко да иштеш керек деген талап коёбуз. Түрмөлөрдөгү элдин баарына колдонулуп жаткан амнистия мыйзамын жалгыз Садыр Жапаровко колдонбой жатышат. Президент төрт айдан бери мыйзамдуу ырайымды бербей жатат. Эми эл катары жатак абака да чыгарбаса, анда эл көтөрүлүп кетүү коркунучуна барып калат гоо...

Замирбек Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости