www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын жарыялап, Кудстун Израилдин бөлүнгүс борбор шаары деп кабыл алына турганын жана планынын палестиндер үчүн «акыркы мүмкүнчүлүк» экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Трамп, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Ак үйдө өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында бир беткей түрдө Жакынкы Чыгыш Тынчтык планын коомдук пикирге жарыялады.

Жалган тынчтык планынын 80 барактан турганын белгилеген Трамп, пландын Израиль жана Палестина тарабы үчүн абдан баалуу нерселерди камтыганын жактады.

Дональд Трамп, планынын Палестинанын борбор шаары Кудстун чыгыш жагындагы бир аймакта орун алган көз карандысыз мамлекетти көздөгөнүн айтты жана келишимдин ишке ашырылган учурунда палестиндердин бүгүнкүдөн эки эсе чоң жерге ээ боло турганын жактады.

Пландын алкагында Израилдин «келечекте курула турган Палестина мамлекетинин» шарттарын сүйлөшүүгө даяр экенин айткан Трамп, максаттарынын бирден улут мамлекет катары Израиль жана Палестина мамлекеттеринин таанылышы болгонун баса белгиледи.

Жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планына караганда Трамп, Палестинанын көз карандысыз мамлекет болушуна керектүү шарттарды орундатуусу максаты менен 4 жылдык мөөнөттү көздөгөндөрүн белгилеп кетти.

Трамп, ушул алкакта Палестинанын экономикасы жандана турганын жактаган 50 миллиард доллардык экономикалык пландын да ишке ашуусун максаттагандарын айтты.

Бир тараптан, Трамп Акса мечитинин статусунун өзгөрбөй турганын, Израилдин бул аймактын коопсуздугун жана мусулмандардын Акса мечитиндеги сыйынууларын камсыздоосун уланта турганын кеп кылды.

Трамп: «Дайыма Израиль мамлекети жана жөөт калкынын жанында болом. Алардын коопсуздук жана бакубаттыгын, өз тарыхый мекендеринде жашоо укуктарын күчтүү түрдө колдоймун. Эми тынчтыктын убагы!»,-деп өз оюн бөлүштү.

АКШнын президенти Дональд Трамп, жыйналыштан кийин Твиттер барагынан маалымат берип, жалган  Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын алкагында көздөлгөн Израиль жана Палестина мамлекеттеринин чек араларын көрсөткөн картаны да бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости