www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 170ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 7711ке жетип, анын ичинен 170 киши каза тапты.
Белгилей кетсек кечээ, 29-январда күндүзгү расмий маалымат боюнча көз жумгандар 132 болсо, илдет жуктургандардын саны 5 974 эле. Эми минтип бир суткада эле, 1727 вируска киши кабылып, 38 өлүм катталган. Мындан сырткары, аталган виурс 15 ден ашуун өлкөгө тарап кетти.
Аталган оору Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Германия, Финляндия, Бириккен Араб Эмираты жана Малайзия өлкөлөрүнө чейин жеткени маалым болду.
Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.
Булак: NazarNews.kg