www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмирликтеринин Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытайдын Ухань шаарынан келген үй-бүлөнүн мүчөлөрүндө жаңы типтеги коронавирустун аныкталганы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

БАЭде биринчи жолу коронавирус катталды

Билдирүүдө аты аталган вирусту жугузуп алган кишилердин саламаттык абалдарынын туруктуу экени жана медициналык көзөмөлгө алынгандары билдирилди.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген шарттарга жараша керектүү чаралардын көрүлүп жаткандыгы жана тынчсыздандыруу жаратпагандагы маалымдалды.  

Эске салсак коронавирус оорусу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын  Ухань шаарында чыккан. Учурда Кытайда бул вирустан 170 адам каза болуп, ооругандардын саны 7711 миңге жакындады. Мындан сырткары, аталган виурс 15 ден ашуун өлкөгө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости