www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, Өзбекстан Иш менен камсыздоо жана эмгек министрлиги 2019-жылы пахта жыйноо кампаниясы учурунда айып пулга жыгылган чиновниктердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Аткаминерлер мажбурлап иштетүү жумуштарын уюштуруудагы кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.

Белгилей кетсек, тизмеге 43 чиновник кирген, алардын арасында эки район акими жана алардын беш орун басары, банктардын жетекчилери, мектеп директорлору жана соода комплексинин жетекчиси бар. Айып пулга жыгылгандардын көбү – Самарканд облусунун чиновниктери.

Алар «Эмгекке мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталып, 230 доллардан 700 долларга чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости