www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандык журналист Далер Шарифов эки суткадан бери Душанбе шаарынын Шомансур райондук мамлекеттик коопсуздук башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу 29-январда «Озоди» радиосуна таянып Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Далер Шарифов

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, компьютерин, арабча жазылган китептерин экспертизага алып кетишкен.

«Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» Далер Шарифовду адвокат менен камсыздады.

Журналист эмне себептен мамлекеттик коопсуздук башкармалыгына чакырылып жатканы белгисиз. Бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары бизнес менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо январдын башында башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости