www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Чуваш Республикасынын башчысы Михаил Игнатьевди "ишенимди жоготту" деген негизде кызматтан алды. Ордуна дароо эле МамДума депутаты Олег Николаев милдетин аткаруучу катары дайындалды.

Михаил Игнатьев

Андан бир күн мурда Игнатьев башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынан да чыгарылган.

Чувашияны 2010-жылдан бери жетектеп келаткан Игнатьев акыркы күндөрү катуу сынга кабылган. Буга аткаминердин 18-январда Басма сөз күнүндө айрым журналисттерди жана блогерлерди согуп-жанчуу керек деген мазмундагы (“мочить”) сөзү негиз болгон.

Андан соң губернатор өрт өчүрүүчүлөргө кызматтык унаа тапшырып жаткан учурда ачкычты атайын бийиктете көтөрүп, өрт өчүрүүчү кызматкерди секирип алууга мажбур кылган. Бул шылдың катары бааланып, өзгөчө кырдаалдар министри баш болуп сынга алышкан.

Последние новости