www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКС өлкөлөрү августта Түштүк Африка Республикасында өтө турган саммитте бирдиктүү блок валютасын түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулай алышат, бирок анын ийгиликке жетишине ишенбөө керек. Мындай пикирин Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор бул демилгеге комментарий берип жатып билдиргенин Bloomberg жазып чыкты. 

Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, бул демилгени кылдаттык менен карап чыгуу керек, бирок экономика өтө татаал, жалпы валютаны киргизүү үчүн бардык катышуучулардын кызыкчылыгы эске алынышы керек. Айрыкча дүйнөлүк экономика солгундап, өлкөлөр кризистен жаңы чыгып келе жатканда.

Пандор сунуштун сөзсүз түрдө ишке ашышын күтпөөнү суранды, бирок БРИКС өлкөлөрү эмне үчүн соода үчүн АКШ долларынын ордуна өз валюталарын колдонбошу керек деп ойлонуп жатышат.

Өз кезегинде Түштүк Африканын Резервдик банкынын башчысы Лесетья Кганьяго бирдиктүү төлөм каражаты боюнча талкууда бирдиктүү борбордук банкты түзүү жана анын жайгашкан жери боюнча суроолорго жооп берүү керек болорун эске салды. 

Белгилегендей, ал дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан мамлекеттер чыгарган валютаны элесте албайт. Эгер евро тууралуу айта турган болсок, анда биринчиден, европалык мамлекеттер бири-бирине жакын, экинчиден, алардын баары улуттук валюталардан баш тартышкан. Буга БРИКСтеги бир дагы мамлекет учурда даяр эмес. 

Буга чейин БРИКС өлкөлөрүнүн ичинде эсептешүүлөр үчүн бирдиктүү валюта түзүү зарылдыгын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Анын айтымында, мындан ары Батыш өлкөлөрүнө таяна албайсың, анткени алар өз кызыкчылыгын ойлоп жатышат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости