www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Фейсбук” социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг күн сайын администраторлор миллиондой жалган аккаунтту өчүрөрүн, алардын бир бөлүгү саясий кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди.
Марк Цукерберг рассказал, что Facebook ежедневно удаляет миллион фейковых аккаунтов, часть из которых связана с разными правительствамиhttps://t.co/k9sqOqjHRH pic.twitter.com/lHXEwooIzh
— Настоящее Время (@CurrentTimeTv) February 16, 2020
"Аккаунттардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары – өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү", – деди ал Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда.
Facebook — дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет. 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталып, сайтты бир гана Гарварддык университеттин студенттери колдоно алышкан. Катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап бардык Интернет колдонуучулардын 13 жаштан өйдө, электрондук почталары болгон интернет колдонуучуларга жете баштаган.
Булак: NazarNews.kg