www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Габбазовго эл аралык издөө жарыялангандыгы боюнча УКМК маалымат таратты.

КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.  А.Габбазов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.
Аталган адам улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа А.Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында С.Исаков жана айрым саясатчылар отурган унаага ок тийген.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Габбазов жана К.Асанбек аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, А.Габбазов менен К.Асанбектин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, А.Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда К.Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алган.

Учурда А.Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКга 0312 66-04-75, 0312 66-65-04 телефондору аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости