www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түнү бою телефондон оюн ойногон кыздын бир көзү көрбөй калды. Окуя Кытайда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бир нече саат түнү менен тынымсыз телефондон оюн ойногон кыз эртең менен ойгонгондо сол көзүнүн көрбөй калганын байкаган. Жөн эле көзү көрбөй калганына таң калган кыз ооруканага кайрылган.
Кыздын көзүн текшерген “Songgang People's Hospital” ооруканасынын дарыгери Ки Вангжан телефондо көпкө отуруп көзгө күч келип, натыйжада тамырлары үзүлүп, көздөгү торчолорго кан уюп калганын айткан.
Бактыга жараша, дарыгерлер кыздын көрүүсүн сактап кала алышкан. Врачтар телефондо азыраак убакыт өткөрүүнү, дарылануу учурунда таптакыр колдонбоону сунуш кылышкан.
Булак: NazarNews.kg