www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ парламентте ысык болду. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев желдеттерин ээрчитип алып Жогорку Кеңешке келди. “Сексалю” атыккан депутат Тазабек Икрамов абдан маанилүү бир маселени козгоду.

Ал өлкөдө бензин менен интернетке монополия орногондугун айтып, ага ээлик кылгандар ага каалагандай бааны коюп жаткандыгын айтып, өкмөт башчыдан Кыргызстандагы бензиндин баасы менен чет элдеги бензинге болгон баанын айырмасын сурады.

Анан “бээ десе төө" деген Абылгазиев эмне деп жооп берди? Казакстандын өзүндө мунай бар, ошол үчүн аларда күйүүчү май арзан деди. Анан эң кызыктуусу алдыда. Ал жакында өкмөттүн токтому чыгып, ага ылайык өлкөгө күйүүчү майды автранспортто киргизүүгө тыюу салынып, темир жол менен гана киргизүүгө уруксат берилгендигин айтты. Логикага түшүндүңөрбү? Автотранспорт менен киргизилген күйүүчү майга чектөө киргизилсе  өлкөгө кирген майдын дагы көлөмү азаябы? Көлөмү азайса тартыштык пайда болобу? Тартыштык пайда болсо эмне болот? Туура, баа көтөрүлөт. Эмнеге мындай тартип киргизишти? Аткезчилик менен күрөшүү үчүн туурабы?

Эми айтайын дегенибиз, аткезчилик менен киреби, расмий киреби, ага карапайым айдоочунун башы оорубашы керек. Ал өкмөт чече турган иш. Айдоочу төмөнкү баадагы бензинге муктаж. Себеби, өлкөдөгү орточо айлыктын деңгээли менен кыргыз жараны жогорку баадагы майды өзүнө ыраа көрө албайт. Демек, өкмөт төмөнкү баадагы майды камсыз кыла албаса анда айдоочуларга аткезчилерден бензин алып, оокатын кылганга тоскоолдук жаратпашы керек. Анткени, карапайым айдоочу өкмөт мүчөлөрүнө окшоп бензинди мамлекеттин эсебинен эмес, өз чөнтөгүнөн куят. Айла жок ушундай айтканга дагы жетип калдык...

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости