www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: Саймаитиге бири издөө жарыяласа, экинчиси аны машинесине жашырган, деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.

-Кызыл-Омполдо уран иштетүүнү баштап алган инвесторлор КР өкмөтүн сотко бергени турат, жоопкерчилик кимдин мойнунда?

-Туура, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынып, ага ылайык, бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылды. Коллегиялуу мыйзам менен бекитилген нерсеге Өкмөт башчынын күчү жетпейт.

Бул маселе парламентте каралып, аны кабыл алууда кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү макулдугун беришкен. Демек, жоопкерчилик эки тарапта болот. Кеп инвесторлор кыргыз өкмөтүн сотко бергенинде эмес, кептин төркүнү башкада. Биз бул жерде экономиканы эмес, экологияны ойлошубуз керек. Эгер экономиканы ойлосок экология экинчи орунга жылат, экологияны ойлосок экономика экинчи орунга жылат. Элге экономика керекпи же экология керекпи?

Мына, кеп ушунда. Биз эл өкүлү катары элдин үнүн угуп, элдин саламаттыгы, өмүрү үчүн соттошуудан коркпошубуз керек. Өкмөт эң туура кадамга барды. Маселен Кызыл-Омполдо уран кенин чалгындоого гана уруксаат берилгени менен аны иштетүүгө уруксаат берилген эмес. Ал эми Солтон-Сары боюнча 70тен ашык мыйзам бузуулар болгон. Өкмөттү сотко берди деп трагедия кылбай, тескерисинче, аргументтүү жооптор менен биз соттошууга барышыбыз керек.

-Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин арты менен бир топ сыр ачылганы калды көрүнөт?

-Айеркен Саймаитинин изөөдө жүргөнүн булар бүгүн айтып жатпайбы! Болбосо эки жыл мурда издөө жарыяланган имиш. А эмне үчүн анын издөөдө жүргөнүн эч ким билген эмес, кеп мына ушунда. Болбосо, бир жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Айеркен Саймаити чыгарып кеткен акчалар боюнча иликтеп жатат. Булар алдын алгандын ордуна, артына жашырып жатпайбы. Сыртка 600 миллион доллардан ашык акча чыгарып, 3 миллион зыян келтирген деген жүйөө менен эл аралык издөөдө жүргөн адам консулдукка тиешелүү делген кол тийбестиги бар унаада жүргөндүгү бул жерде өкмөттүн тиешеси бар экенин ачыкка чыгарды. Бири издөө жарыяласа, экинчиси аны машинесине жашырган. Бул бүгүнкү өкмөттүн криминалдашып кеткенинен кабар берет. Бийлик өзүнүн өктөмдүгүн көрсөтө албай калганда кримтөбөлдөр өздөрүн ээн-эркин сезип, мына ушундай иштер боло баштайт. Буга криминалдык күчтөр менен кызматташууга барган өкмөт өзү күнөөлүү. Анткени, кримчөйрөнүн жазылбаган өзүнүн мыйзамдары бар. Дегеним, коррупция менен күрөш башка, криминалдар менен күрөш таптакыр башка. Эгер коррупция менен күрөш өз нугунда жүрүп жатса мындай окуялар катталмак эмес. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш жүрбөй эле, тескерисинче, коррупция булар менен күрөшүп жаткандай, деген Рыскелди Момбеков "Ачык саясат" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости