www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда өрт чыккандыгы тууралуу Өзкөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кутурга айылында жайгашкан үйлөрдүн бири өрттөүп 1969-жылы туулган С.У. атуу жаран каза болду. Кырсык бүгүн,15-январда таңга маал  болгон. Жергиликтүү тургун З.Солтоев жумушка бара жатып, жанындагы коллегалары менен үй күйүп жатканын көрүп калышат. Алар өздөрү үйдү өчүрүүгө аракет кылышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес. Андан кийин алар өрт өчүргүчтөргө чалышкан.

“Биз коллегалар менен эртең менен эрте жумушка кетип бара жатканбыз. Жолдон үйдүн күйүп жатканын көрдүк. Өзүбүз өрттү өчүргөнгө аракет кылдык. Өчүрө албай койгондон кийин өрт өчүргүчтөргө кабарладык”, -дейт күбө.

ӨКМден болжол менен саат 06:28дерде райондук бөлүмгө өрт тууралуу маалымат келип түшкөнүн билдиришти. Маалымат түшөөрү менен өрт өчүргүч тобу кырсык болгон жерге жөнөтүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, өрттүн келип чыгуусуна ашканадагы жылыткыч себеп болгон.

Маалымат боюнча, үйдүн 1962-жылы туулган ээси аман калган. Бирок анын үйүнө конокко келген Кичи-Өрүктү айылынын тургуну У.С. иске ууланып, каза болду.

Аталган факт боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg






 

Последние новости