www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев бүгүн аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу жарандык активситтердин бири жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Жарандык активисттин баамында, Сартбаевди аскер прокуратурасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине жазылган сын-пикирлер үчүн чакырышы мүмкүн. “Ал аскер прокуратурасында суракта отурганын мага өзү тастыктады. Сартбаевдин гезити Разаковдун дарегине бир топ сын-пикирлер камтылган материалдарды жазган. Ал Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын иши, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланышкан макалалар. Кийинчерээк, Разаков 10 миллион сомго доо койгон. Бирок, гезит критикалык материалдарды токтоткон эмес”, - дейт жарандык активист.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында, Жогорку Кеңештин алдында чек ара маселеси боюнча митинг өтүп, анын катышуучулары чек арадагы көйгөйдү Жеңиш Разаков чечүүгө компетенттүү эмес экендигин айтып, кызматтан кетүүсү менен бирге анын ордуна мекенчил, элин-жерин сүйгөн адамдын дайындалышын талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости