www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.
“Биз Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшкөндө товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүүнү сүйлөшкөнбүз. Бул үчүн эки мамлекеттин жана ишкерлердин да аракети керек”,- деди Жээнбеков.
Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн доллардан ашык инвестиция салды.
Өлкө башчынын маалыматына караганда, 2018-жылы Түркиядан 93 млн доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдыктовар алмашуу 400 млн долларды түзөт.
Президент Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарт түзүлүп, бир топ жеңилдиктер берилгенин белгилеп, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды. Өлкөдө инвесторлордун укуктары толук корголгонун, алардын мүлкү кол тийгис экенин айтты, деп "Жаңы Ордо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg