www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 20га жетсе, ал эми жарадар болгондордун саны 1015тен ашты.  Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,   жер титирөөдөн  20 киши каза болуп,   жарадарлардын саны 1015тен ашты. Мындан тышкары уранды алдында дагы,   30га жакын киши калгандыгы маалымдалды.

Буга чейинки маалыматтарда кырсыктан 19 кишинин каза тапканы кабарланган.

Эске салсак, окуя кечээ, 24-январда саат 20:55те Түркиянын чыгышындагы Малатья жана Элязыг аймактарында   6,8 балга жеткен жер титирөө катталган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жагдайдан кабар алып жатканын билдирип, учурда жер титирөө болгон жерде бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматы боюнча, табигый кырсык болгон аймакта 493 түркиялык провинциялардын куткаруучулары иштеп жатышат. Аймакка 1689 чатырлар, 1656 жууркан   жеткирилди. Уюлдук операторлор байланышы жана жетиштүү өлчөмдөгү акысыз кызмат көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости