www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жолу акыйкатчылык кызматты аркалаган Турсунбек Акун менен акыйкатчылыкка талапкерлер тууралуу баарлаштык.

-Турсунбек мырза, акыйкатчылык кызматка талапкерлердин алдыңкы сабында мурун КГБны башкарган, вице-премъерлик, депутаттык кызматты аркалаган Токон Мамытовдун да талапкерлиги айтылып жатат. Ошол эле мезгилде анын жаш курагын да эске алышы керектигин айткандар да болууда. Сиз Токон Мамытовдун акыйкатчы болушун колдойсузбу же каршысызбы?

-Токон Мамытов мен үчүн карама-каршы личность. Ошон үчүн анын талапкерлигин кош колдоп колдойм деп айта албайм. Жашыруун органды жетектеп сүргөн кишинин укук коргоочулук кызматты аркалашын мен эмес, коомчулукка каршылык менен кабыл алууда. Граждандык коомдун өкүлдөрү, жаштар эмнегедир акыйкатчылык кызматка пенсия курагындагылар эмес, жаштар келсин деген талап коюп жатышат. Токон Мамытовдун талапкерлигин анча колдобосом да, бул керден жаштар менен граждандык коомдун өкүлдөрүнө каршы ой айтам. Себеби жыйкатчылыкка жаштар келиши керек кеп жашы улгайган адамды жерибешибиз серек. Жаш-кары деп ылгабай, аталган кызматка иштей турган адамды мүмкүнгүлүгүнө, тажрыйбасына, укук коргоочулук кызматты жөндөп кете алаарына карашыбыз керек. Башкача айтканда, айрым населелерде мококтук кылбай турган, турмуштун түрдүү соккуларынан татыктуу чечим чыгара алган, кандай кырдаал болсо да маселе чече алган, башынан көп нерселерди өткөргөн, эл үчүн иштей турган, чындык үчүн чыркырап күйө турган адамды шайлашыбыз керек. Ошондуктан кашка чектөө койбошубуз керек. Айтайын дегеним, жашы улгайган деп жерий турган болсок, жаштар эле кыйратат деген ойдо иш кылсак, менден кийин акыйкатчылык кызматка келген Бакыт Аманбаев менен Кубат Оторбаев улгайып калган менчелик да кызмат кыла алышкан жок го. Экөө тең Акыйкатчылык институтту жок кылганга барабар иш кылып кетишти. Аларга салыштырмалуу Токон Мамытов жакшы иштеп, Акыйкатчылык институтту мурдагы калыбына келтирүүгө салым кошо алат деп ойлойм. Анткени ал маселе чече алган, жогору жактын тилин таба алган адам. Ошол жагын эске алганда, иштин көзүн таба албай жүргөндөргө салыштырмалуу жакшы иштеп берет. Ал киши маселе кайсы жерде экенин, кантип чечиш керектигин билет. Эгер Токон Мамытов аталган кызматка шайлана турган болсо, 10 жылдан бери көтөрүлбөгөн акыйкатчынын айлыгын жогорулатып, эскирген машинелерди жаңыртып, ондоо-түзөөгө муктаж имаратгы калыбына келтирет. Ошондой эле акыйкатчынын жоголуп кеткен кадырын калыбына келтирет. Буюрса, акыйкатчы менен бийлик эсептеше турган абалга жеткирет деп ойлоп жатам. Башкача айтканда, ушул жагынан жылыш болот деп үмүт кылам.

-Акыйкатчы менен бийлик эсептешиш үчүн сөзсүз эле таасири бар, мурда чоң кызматтарды аркалаган киши акыйкатчы болушу керекпи?

-Бийлик эсептешиш үчүн а дегенде бийликтин тилин таба алган адам акыйкатчы болушу керек. Ошондой эле акыйкатчы боло турган адам бийликке оппозиция да, дос да болбошу керек. Кыскасы, акыйкатчы бийликтин тилин таап, маселени чечкендин жолун билсе, бийлик да анын ыгына, шартына конот.

Ишин жөндөй албай койду деп мен сындаган эки жаш акыйкатчыньш бири башкы прокуратура менен, экинчиси Жогорку сот менен соттошуп, убагында чоң калпыстыкка жол беришкен.

-Акыйкатчыны тандоо критерийи кандай болушу керек? Эмне үчүн акыркы мезгилде кызмат жетпей калган адамдарды талапка жооп бербесе да акыйкатчы кылган модага айланып баратат?

-Негизи кызмат жетпей калгандарды акыйкатчы кылып койгондун өзү кылмышка тете иш. Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилде акыйкатчылык кызматты кызматы жоктор убактылуу коно турган аэродром кылып алышты. Мунун аркасы менен акыйкатчылык кызматка келчү адамдарды тандоо критерейин чаташтырышты. Негизи акыйкатчы боло турган адам калыстыкты туу тутунган, укук коргоочулук кесипти аркалаган, юридикалык билими жетиштүү, мыйзамдарды ажырата билген кесипкөй, чечкиндүү адам болуш керек. Жардам сурап кайрылган адамдарга жардам берүүнүн жолун таба билген, ыйлаган адамдардын көз жашын аарчый алган адам болуш керек. Башкача айтканда, акыйкатчы бир канча жылдан бери түрмөдө отургандар менен да, митингге чыккан эч кимдин ыгына көнбөгөн аялдар менен да сүйлөшө билиши керек. Кыскасы, акыйкатчы шайтан менен да сүйлөшө алган адам болушу керек.

-Эгер кудай буюруп, Токон Мамытов акыйкатчы болуп калса, эки же үч айдан кийин 65 жашка чыгып калганы үчүн ал кызматты бошотуп бериши керекпи?

-Бошотпойт. Андай маселени көтөрүп жаткандар мыйзамды түшүнбөй жатышат. Айтайын дегеним, 65 жашка чейин шайланып калгандар мөөнөтү бүткөнчө иштей берет. Ал мыйзамды түшүнбөгөндөр 3 айдан кийин ордун бошотуп, башка акыйкатчы шайланабы деген маселе көтөрүп жатышат.

-Чыныңызды айтыңызчы, акыйкатчылыкка кимдин талапкерлигин туура көрүп жатасыз?

-Азыр бир талапкерге токтоло элекмин. Ошон үчүн акыйкатчыны жынысына, жашына карабай, иштей турган мүмкүнчүлүгүнө карашыбыз керек деген ойду ай тып жатам.

Булак: "Фабула"

Последние новости