www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билинбегени менен түш дагы жөн жерден аян бербейт. Кээде көргөн түш кадимкидей кайталанып да калган учур кездешет.
Эмесе окуянын өңүтүнө көңүлбурсак
-Тээ илгери бир жаш бала түш көрөт. Көргөн түшүн эртең менен апасына айтып берет да, анан сөз күтүп туруп калганда апасы баласынын көргөн түшүн угуп болуп:
-Балам, бизге Кудай берген экен. Эми сен мындай кыл. Бүрсүгүнү Суук-Капчыгайдын оозуна барып болушту күт. Ал жигитттери менен келген кезде ушул түшүңдү айтып бер- деп уулуна ат таап берип жолго салат.
Бала айтылган убакта апасы айткан жерге келип, болуштун келишин күтүп туруп калат. Кеминде эт бышым убакыт өтөндө болуш ак боз атына минип, алдыда келе жатканын көрүп, олтурган ордунан тура калат да, болуштун алдынан тосуп чыгып учурашкан соң:
-Болуш, мен сизге сүйүнчү айтайын дегем-деп айта турган сөзүн таппай калат. Негизи эле жакшы кабардын ана башы сүйүнчү экенин ким билбейт. Болуш күлө карап:
-Айт, эмне болгон жакшы жаңылык айтайын дедиң эле?-деп суроолу караганда бала:
-Ал көп сөз, алгач аттан түшүңүздөр-деп айтат. Болуш бул сунушка макул болуп “аттын бели эс алганча” деп азга өргүү алышат.
Бала учурун келтирип:
-Болуш ага, боло турган чоң ашта сиздин атыңыз биринчи келип баш байгени алат!- дегенде таң калган болуш тиги жаш балана карап:
-Аны кантип билдиң?- дегенде бала көргөн түшүн айтып берет:
-Мен мындан эки күн илгери түш көрдүм. Түшүмдө сиз бир киши менен чоң чара камырды талашып жатып сиз тартып алдаңыз. Сиздин атыңыз биринчи келет дагы, тиги кишинин аты экинчи келет-деп апасы айткан сөздү айтат. Болуш бул айтылган сөзгө терең маани берип:
-Балам, сен ошол күнү менин жанымда бол. Сен айткандай атым баш байгени алып калса, сүйүнчүңдү ошол жерден берем – деп убада берет.
Айткандай эле болуштун аты баш байгени алганда бала анын жаныда болот. Ошондо болуш тай туяктай алтын берет да, анан аны кайра алып:
-Сен бул алтынды колдоно албайсың, андан көрө деп малы көп байды чакырып алтынды ага берип, баланы көргөзүп:
-Бул балага кызыргалды токсон беш кызыргалды кой, беш кочкору менен бер. Эмдиги жылы мен өзүм барып текшерем- дейт. Бай тай туяктай алтынды алып, ошондон аз убакыт өтпөй эле балага болуш айткан малды берет.
Кийин баягы түш көргөн бала жүз койдун арты менен абдан байып кетип, отузунчу жылдары кулакка тартылып кеткен экен. Мына байлыктын бир кесепети. Андыктан көргөн түштү да жакшы кишиге жорутуп, жакшылап бага билүү да керек экен, ар кимге айта бербей.
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg