www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боронов акимдерди зекиди

Вице премьер министр Кубатбек Боронов Чаткал, Ала-Бука районуна иш сапары менен барып, эки райондун акимдерин каарып, сөз менен зекиди, бирок “чыгып кет” деп айткан жок.

Муну менен биз, бул эки райондун акими иштерин уланта тургандай шансы бардеп айтсак жаңылышпайбыз.

Анткен менен Боронов бул эки районго жөн барган жок. Ал жактагы казылып жаткан кендерге кызыктар  болуп барса керек... Ооба, эки аким ишти туура эмес алып барып, кетирген каталарын байкатып койгону себеп болгону үстүртөн айтылды. Балким бул эки райондун акими аке-жакелеп берчүүсүн бердиби аны да ачык айтууга болбойт. Бирок, байланбастан бирди жардырып, казы-картадан баш тарпаса керек.

Эмне болгон күндө дагы иштеп жатканын билгизип, эл менен жолугушуп келгени бир эсептен жакшы болду. Антпесе бир кыймылдап койбой, жылуу кабинеттен чыкпай телефон менен иш бүтүргөн чоңдордун кесепетин ушуга чейин көрүп келбедикпи.

Баса, анан ал жактан эмне иш бүтүрүп, эмне маселе чечип келгени азырынча бүдөмүк бойдон турат  Шефи Мухамедкалыйга эле  айтып, иш сапарын баяндабаса, болгон ишти толук айтып болбойт.

Бердикжожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости