www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери 30-январь күнү таң эрте “Таза шаар үчүн” аталыштагы акция өткөрдү.

Тактап айтканда кызматкерлер Бишкек шаарында таңкы саат 5:00дөн  тартып көчөлөрүбүздү тазалап жаткан, “Тазалык” муниципиалдык кызматынын кызматкерлерине таттуулары менен ысык чай жана таңкы жакшы маанай тартуулашты. Шаардын тазалыгы үчүн таң эрте көчөлөрүн жаркылдатканы кызматкерлер чай ичкенче ишти токтотпоо максатында КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери өздөрү  шыпырып кол кабыш кылышты.

Бул боюнча департменттин директору Ардакбек Каныбеков:

--Иш чаранын башкы максаты кечээ жакында 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген “Бузуулар жөнүндө” кодекстин, анын ичинен тазалык, коомчулуктун бүйүрүн кызытып талаш тартыш болуп жаткан түкүрүк маселеси боюнча дал ушул тармакта иштеп жаткан кызматкерлер менен биргеликте кандай жагына өзгөргөнүн билүү болуп эсептелинет. Ошондой эле таңкы суукта шаар тазалыгы үчүн кам көргөн эже-агалардын мээнетин баалап, ысык чай болсо да маанайын көтөрүп, маңдай тер акы деген түшүнүктү жаштарга жеткирүү зарылчылыгын көрсөтүү болду. Ошол эле учурда бул акцияны КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери өзүбүз идея көтөрүп, өзүбүз колдоого алып, студенттерге башка жаштарга үлгү болуу үчүн гана уюштурдук,- деп белгиледи.

Мындай иш чараларды дагы да болсо уюштуруу максаттарыбыз бар деп белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости