www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу өкмөт деген 2010-жылы апрелде экинчи төңкөрүштө пайда болгонун кантип унутабыз?

Бакиевдин жакындары кетер менен бийликти мыкчыган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү акылынын жетишинче ар кандай декреттерди токушуп, кылган кыймылдарын мыйзамга ылайык келтирүүгө жанталбас кылышты. Чү дегенде эле ячейкадагы акчалар боюнча чатактар ырбап кетти. Ошол ячейкадагы акчалар чынында эле качкан президенттин жакындарына, санаалаштарына, генералдарга, схемачы - шылуундарга тийиштүү болчу. Тил табышкандар болсо эбин таап акчаларын алып кетишти. 

Албетте, шыбагасын берип туруп. Дагы далай миллиондорду жолун тапкандар сугунуп коюшканын ачыкка чыгара алышпай коюшту. Эмнеси болсо да бул жолку бийликти алмаштырууда кыйла зыяндарга мамлекет, бизнесмендер, калайык дуушар болду. Баарынан да июндагы улуттар аралык кармаштын каары эмдигиче элдин үрөйүн учуруп жатканы деле ырас. Анткени жан дүйнөгө ээ-жаа бербеген кайгылуу окуялардын чеңгелинде калдык. Андан бери тогуз жыл өтсө да убактылуу өкмөттүн активдүү мүчөлөрүнө ар кандай күнөөлөрдү коюуга ыктагандар бар экенин көрүп жатабыз.

Айрыкча июнь коогалаңына Роза Отунбаеваны, Өмүрбек Текебаевди, Алмазбек Атамбаевди, Азимбек Бекназаровду, Темир Сариевди, Эмилбек Каптагаевди, Кеңешбек Дүйшөбаевди байлашканын байкоого болот. “Ата Журт” партиясынын айрым мүчөлөрү эмдигиче убактылуу өкмөттүн ошол кездеги лөктөрүнө кастарын салып жатканы ачык көрүнүүдө. Ал тургай документалдуу тасма да бар.  Тилекке каршы курч кырдаалда куралган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өз ара тытышып, ыдыроого муктаж болгону ого бетер отту алоолонтууга чыйыр салып берди окшойт. Алгач бириккендер Алмазбек Атамбаевдин колуна бийлик тийгенде жоготууга бел байлашып, импичмент жарыялоого кам көрүштү.  Бирок, кубаттанып калган ажонун мизи майтарылгандын ордуна тигилердин башчысын - Өмүрбек Текебаевди камап салып тарапташтарын бушайман кылды. Ошентип башкаруучусу жок калган “команданын” териси сыйрылып, жаңы кырдаалды күткөнгө мажбур болушту.

Мейли, азыр ишенген кожосу-Текебаев эркиндикке чыкты. Ошондо калган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бакиевчилердин, башкалардын соккусуна каршылык көрсөтүүгө жарайбы?

Эгерде эле бириккендин ордуна чачыроого багыт алышса буларды жалгыздатып туңгуюкка кептөөгө аракет кылчулар шоп этип чыгаары деле жашыруун эмес. Муну Азимбек Бекназаров деле кысынбай ачыктап берди.

Кеп чынынан бузулбайт - демекчи жалгыз гана Атамбаев коркунуч каптап келатканын айтып, кокуйлады эле. Ал эми Абдыганы Эркебаев, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимоваларды анчалык деле зекишпеси маалым болуп калды.

Айтты дейсиңер, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мурдуна муштумун такачулар акыры чыгат. Учурдагы бийлик аларды коргоп калууга ынтызарланбасы деле байкалып калгандай. Деги ошондой жалаадан бөлүндү болуп калган убактылуу өкмөттүн “кыйындары” кантип кутулар экен деген суроонун жообун кезмети келгенде угарбыз. Антсе да бул жакшы “синдром” эместигин кыстара кетели, деп "Ачык сөз" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости