www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кожобек Рыспаев деген Жогорку Кеңештин депутаты бар. Атамбаевдин заманында алтынды чалчаңдата чайнап, ар кимге “доляга” туруп, алтындын убайын көргөн. Бирок, Кожокенин деле жырткычтык манерасы бар экен. Ал көчөдө өтүп бараткан адамдардарды кумурскадай тебелеп кете берет экен. Анткени анын депутаттык кол тийбестиги бар да. Анын 19-жаштагы байкуш кызды тебелеп өлтүрүп кеткени кишинин зейнин кейитет. Чындыгы бул окуя мурун болгон, лекин кызды тебелеп өлтүрүп коюп, эч жаза тартпай Жогорку Кеңешке депутат болуп, алтынды тейлеген комитетке жетекчи кылыш бул Атамбаевдин жаңылыштыгы. Эмки бийлик бул жаңылыштыкты түзөйт деген ойдобуз.

Албетте, карапайым адамдар депутаттар тебелеп өлтүрүп кетүү үчүн жаралган эмес.Мына прокурордун токтому турат. 1999 жылдын 1 августунда  саат 21.00 ченде ВАЗ 21099 В 92-25 З автомашинасынын ээси Рыспаев Кожобек Жайчибекович, Бишкек - Чалдовар автожолунун Батыш багыты менен 12 чакырымында кетип баратып, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында, балким кызуу абалында машинасынын рулун башкара албай  1980 жылы туулган Касьянова Светлана Юрьевнаны кумурскадай тебелеп кеткен. Касьянова Светлана Юрьевна ошол жерден эле жан берген.

Тергөөчүлөрдүн начар иштегенин кесепетинен ушул күнгө чейин бул иштен жыйынтык чыга элек. Депутаттык кол тийбестиги бар Рыспаев Кожобек Жайчибекович алтынды чайнап чалчактап отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, Nazarnews.kg.

Последние новости