www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Саламатович Каптагаев Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. 

Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бирок, Каптагаевдин өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу тараткан маалыматка ылайык, аталган кызмат “мамлекеттик кызмат” дегенге кирбейт. Ал иликтөө, изилдөө, анализдөө, прогноздоо, сунуш даярдоо дегендей илимге жакын кызмат структурасы.

Анын айтымында, бүгүн коомчулук бул институт жөнүндө, анын бул жазмыштагы миссиясы тууралуу эч нерсе билбейт, эч кандай маалымат жок.

- Ушунун өзү өкүнүчтүү. Бул кызматка макул болгонумдун бир себеби ушул болду. Буюрса, мындай акыбал жакын арада жоюлуп, аталган институт өз ордун табат деп ойлойм, - деп жазат анда Каптагаев.

Эске сала кетсек, Эмилбек Каптагаев 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Учурунда Медет Садыркуловдун сырдуу өлүмү боюнча “Кандуу жол” аталыштагы даректүү чыгармасы менен да ысымы коомчулукка популярдуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости