www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулук күбөлүктөр декабрь айынын 5-10дору бериле баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын катчысы NazarNews.kg сайтына маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр декабрдын ондорунан баштап таркатыла баштайт. “Буга чейин айрым учурларда арыздын негизинде убактылуу резервдер берилип келген.  Бирок, ал резервдер өтө аз санда калды. Булар Орусия, Европа өлкөлөрүнө жүк ташыган, фура айдаган жарандарга жана  Казакстан менен Орусияга каттаган маршруттук таксилердин айдоочуларына берилип келген”, -деп билдирди маалымат катчы.

Ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо боюнча төмөнкү маалыматтарды берди: “Айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо эки лот боюнча жарыяланган.

Биринчи лот боюнча – улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоону “Казакстан Республикасынын Улуттук Банкынын Банкноттук фабрикасы” деген мамлекеттик ишканасы жеңип алган.

Экинчи лот боюнча – эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоону “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алган.

Ошондо улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү Казакстандын ишканасы жасайт, ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргызстандын “Гознак” аттуу фирмасы жасайт”.

Белгилей кетсек,  улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр менен чет мамлекетте деле унааны айдап жүрө берсе болот (бул айдоочулук күбөлүктөрдү башка чет мамлекеттер да таанып билет). Ал эми эл аралык күбөлүк – өзүнчө китепче сыяктуу документ, аны Европа, алыскы четки мамлекеттерге колдонгону алышат, көп учурда эл аралык үлгүдөгү күбөлүктөрдү оор жүк ташуучу унаа айдаган айдоочулар колдонот.

Жаңы үлгүлөрдү ишке киргизүүгө байланыштуу айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарынын наркына өзгөртүү киргизилген. Баарынан мурда жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу наркы мурдагыдан айырмаланып евро эмес, улуттук валютада белгиленген.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүү,  жеке менчик компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөнүн белгилеп кетүү зарыл. Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүүнүн борборлоштурулган модели тандалды, бул документти мыйзамсыз берүү тобокелдигин жоюуга, наркын арзандатууга, ошондой эле кошумча принтерлерди сатып алууга пландалган 27 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүүнү “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Жекелештирүү борбору аткарат. Натыйжада айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу наркын арзандатуу (12 евродон 100 сомго чейин) жана айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүү боюнча функцияларды мамлекеттик мекемеге өткөрүп берүү айдоочулук күбөлүктөрдү алуунун акыркы наркын 573 сомго же 44%га арзандатууга мүмкүндүк берди.

 Мурда улуттук күбөлүктөр 12 евро болсо, азыр бланктын баасы 100 сом 86 тыйын болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости