www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексиканын «Гвадалахара» футбол клубунун дарбазачысы Хосе Родригес улуттук чемпиондукта укмуштуудай гол киргизе алды. бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда Мексиканын чемпиондугунун 19-турунун алкагында «Гвадалахара» өз талаасында «Веракрус» клубун кабыл алган.

Оюндун негизги убактысы аяктап, кошумча берилген убакытта бурчтан тебүү жаралган, ошондо «Веракрус» клубунун дарбазачысы да атаандаштарынын дарбазасы тарапка жөнөгөн. Бурчтан чыгарып берүүнүн жыйынтыгында, топ Родригестин колунда болуп калган. Ал өз кезегинде атаандаштарынын дарбазасын көздөй топту таамай тээп, бош турган дарбазага гол киргизген.

Хосе Родригестин киргизген голу «Гвадалахарага» «Веракрустун» үстүнөн жеңишке жетүүгө дагы салым кошкон. Оюндун жыйынтыгы талаа ээлеринин пайдасына 3:1 болуп аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости