www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уганда саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта 12 -июнда бир баланын эболадан каза болушунан кийин өткөн 42 күндө эч бир оорулуунун болбогондугу белгиленди.

Маалыматта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган 42 күндүк эбола байкоо мөөнөтүндө жаңы оорулуунун чыкпашы менен аймакта эбола эпидемия коркунучу акырына чыккандыгы белгиленди.

Уганда Конго Демократиялык Республикасы менен узун чек араны бөлүшкөндүгү эске салынган билдирүүдө чек арадагы өтүү жерлери жана аэропорттордо Конго Демократиялык Республикасынан келгендердин медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн улантылып жаткандыгы билдирилди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму июнь айында Угандада 3 эбола оорулуусунун аныкталгандыгын жана ооруган 5 жаштагы бир баланын дарыланып жаткан ооруканада каза болгондугун билдирген.

Эбола вирусу биринчи жолу 1976 -жылы Судандын Нзара жана Конго Демократиялык Республикасынын Ямбуку шаарларында бирдей убакта ортого чыккан.

Конго Демократиялык Республикасындагы эпидемия Эбола дарыясынын жакынында бир айылда башталгандыктан ооруга бул дарыянын аты берилген, - дейт trt.net.tr.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости