www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК, Финполдун шиши толду

Жакында УКМКнын имаратынан далил буюмдар катары кылмыш ишинде өткөн 200 миң АКШ доллары табышмактуу түрдө жоголуп кеткендигин уккан жайыбыз бар эле. Ал эми УКМК жетекчилиги аны укмак түгүл ким уурдагандыгын дагы билчү экен. Анан андай оор кылмышка тиешеси бар кызматкерге карата алар кандай чара көрдү дейсиңер? Болгону кызматтан алып коюптур деп эшиттик. Эмне себептен билесиңерби? Себеби ал Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынын тең төрагасы Канат Исаевдин Бакай Эшенгулов аттуу тууган-чалышы (күйөө баласы) экен деп жүргөндөрү ак эткенден так этип жатышат.

Негизи өзү бажа менен күйөө балдардын заманы болбодубу азыр. Анан элестеткиле! Ким ишенет УКМКга? 2017-жылы дагы дал ушул УКМКнын кызматкери, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы экс-консулу Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев дагы “пара опузалап” жаткан жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Анда эмне болду? Анда дагы ал УКМКдан жөн гана айдалып, кийин бакыйган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго кеңешчи болуп калган жайы бар.

Ал эми кечээ Финполдун кызматкери жеке ишкердин 5-6 миллион сомго бааланган, кайсыл бир иш боюнча далил буюмдар катары алынган алтын зер буюмдарын кайра кайтарууда аны башка буюмдарга алмаштырып койгондугун уктук. Анда дагы ал эргулду Финпол жөн гана кызматтан алып кутулуптур. Бул эмне деген айбанчылык өзү? Биз ишене турган күч түзүмдөрү ушинтип өзүлөрү мыйзамды бузуп жатса бизге мындай структуралардын кереги барбы өзү? Бет деген кичине болсо дагы болуш керек да өзү! Бул күч түзүмдөрү  Кыргызстандын коопсуздук эмес, кооптуу органдары болуп эле калгандай... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости