www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 18-ноябрында Парижде КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук Тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү мүнөзүн белгиледи жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.

Н.Гуле Кыргызстанда жүрүп жаткан өнүгүү процесстерин бөлүп көрсөтүү менен бирге кызматташууну бекемдөөгө Франциянын санаалаштыгы бардыгына ишендирди жана Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп белгиледи.

Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы достук Тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады.

Тараптар ошондой эле региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес контакттарды бекемдөө маселелерин талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости