www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курал-жарак жана ок-дарыларды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д., ошондой эле чек ара кызматынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери Э.К.К. жана А.у.Н. кылмыштуу бүтүм менен РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну көздөгөндөрү аныкталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чек ара кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон куралдуу кагылышуу учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен ишенип берилген мүлктү уурдап, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сатып жибергени аныкталган.

Кармалгандардын ар бири өздөрүнүн кылмыштуу милдеттерин ачык-айкын аткарышкан, атап айтканда, бири кардарларды издөө менен алектенген, башкасы курал ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын жана коопсуз кыймыл үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдоо болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 даана РГД-5 гранатасы, кесилген ок атуучу мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган. Ошол эле учурда кылмыш ишине тиешеси бар жалпысынан 9 адам кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости