www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКдан 200 миң АКШ доллар суммасындагы акча каражаты жоголгону туралуу Интернет тармактарында жана ЖМКларда жайылтылып, коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маалыматка байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү. 2019-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө иштерине чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын негизинде, алынган 200 миң доллар өлчөмүндөгү каражаттар мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом менен чечим чыгарылды.

Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулука жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Кызыгы, УКМК сот мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом чыгарган деп билдирди. Биз бул акчаны жоготкон адам айласыздан алып келип толуктаса керек, ал эми акчаны мамлекетке киреше катары алуу деген аракеттери эптеп артын жабуунун амалы го деп ойлоп калдык. Себеби, ал сотто далил буюм болушу керек эле да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости