www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-ноябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында эл өкүлдөрү жергиликтүү кеңешти шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда карашты. Бул мыйзам долбоору каралып жаткан депутат Тазабек Икрамов жергиликтүү кеңештин төрагасы менен анын катчысына айлык берүү сунушун киргизди.

Депутаттын пикиринде, эгер айлык чегерилсе ал айыл өкмөтүндө жоопкерчилик болот. Буга демилгечи депутат Акылбек Жапаров каршы эмес экенин айтып, маселе буга чейин дагы көтөрүлгөнүн билдирди.

“Мен финансы министри болуп жүргөндө дагы айткам. Эгер ал маселе жергиликтүү бюджеттин эсебинен болсо каршылыгым жок. Кошумча каражат таап, аларга айлык чегере турган болсо, ал өздөрүнүн укугу да. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнүшүнө мен каршымын”, -дейт Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости