www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты.

Ага ылайык, эми 2020-жылдын 1-январынан тартып үчүнчү өлкөдөн киргизилген (ЕАЭБден сырткары) унааларга бажы төлөмү он эсеге кымбаттайт. Андыктан, Россия өзүнүн мүдөөсүнө жетип, эми өзүнүн аймагында өндүрүлгөн “лохотрондорду” Кыргызстандын рыногуна атаандаштыксыз киргизе алат.

Кызыгы, андай тартип ЕАЭБ мүчөсү Арменияга тараган эмес. Армения өзүнүн талаптарын так жана убагында коюп, ал жакка үчүнчү өлкөдөн ташылып келген унаалар үчүн жогорку өлчөмдөгү бажы төлөмү каралган эмес. Бул теңдикпи? Жок, теңдик эмес. Болгону алардын өкмөтү өтүмдүү иштейт. Теңата сүйлөшүүгө кудурети жетет. Ал эми биздин өкмөт “шал” өкмөт экендигине дагы бир ирет ынандык. Көз карандысыздыкты сатып жиберишти ЕАЭБ деп жатып.

Бул биримдик чындыгында теңаталык, ар тараптын кызыкчылыгы эске алынган союз болсо Кыргызстандан жөнөтүлгөн товарлар кайра Россиянын чек арасынан артка келет беле? Кечээ эле Кыргызстандан барган роза гүлдөрү, жер-жемиштер кайра артка кайтарылды. Бул эмне деген шумдук? Кичине болсо дагы намыс барбы бизде? Батька айткандай “на хрена нам такой союз?”...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости