www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Украина, Грузия жана Молдованын биримдикке кошулуу арызын карай баштады. Бул тууралуу France Presse маалымат агенттиги француз дипломаттарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, арызды расмий түрдө кароо 7-март күнү башталган.

Белгилей кетсек, акыркы дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу алгач Украина, андан соң Молдова менен Грузия мамлекеттери Европа Биримдигине мүчө болуу үчүн арыз берген.

Бул процесс Еврокомиссияда жылдарды талап кылышы мүмкүн. Аталган мамлекеттерге тийиштүү талаптарга жооп берүү үчүн реформа кылуу сунушталышы ыктымал. Талапкерлерге биримдикке мүчө болууга 27 мүчө мамлекет макулдугун бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости