www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Африканын жети жолку президенти Украина кризисин чечүү жолдорун издөө миссиясынын алкагында келерки аптада Киев жана Санкт-Петербургга барып, Украина жана Орусиянын лидерлери менен жолугушат. Бул тууралуу бул сапарды колдоп жаткан Brazzaville Foundation коммерциялык эмес уюму билдирди.
Маалыматтарга таянсак, Африка лидерлери 16-июнда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский, 17-июнда Санкт-Петербургда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Африка мамлекеттеринин делегациясынын составында Түштүк Африка Республикасынын президенти Кирил Рамафоса, Комор аралдарынын президенти жана Африка союзунун председатели Азали Ассумани, Конго Республикасынын президенти Дени Сассо Нгессо, Уганда президенти Йовери Кагуту Мусевени, Сенегалдын президенти Маки Салл, Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси бар.
Маалымат үчүн айта кетсек, африкалык делегациянын Украина жана Орусияга сапарын колдогон Браззавиль фондун 2014-жылы франциялык бизнесмен, анын азыркы президенти Жан-Ив Олив негиздеген. Штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан бул уюм чыр-чатактарды алдын алуу жана чечүү жаатында демилгелерди иштеп чыгат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-майында Орусия менен Украина чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү үчүн Африка өлкөлөрүнүн делегациясын кабыл алууга макул экенин билдирген. Рамапоса алты африкалык мамлекети: Египет, Замбия, Конго Республикасы, Сенегал, Уганда жана Түштүк Африкадан турган топ түзүлө тургандыгын билдирген. Кийинчерээк бул тизмеге Африка биримдигинин учурдагы төрагасы Комор аралдары кошулган.
Алибек Бейжанов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg