www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык өнүгүүнүн учурдагы абалын талдоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөлөрүндөгү абалды талдоо мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү жана кечиктирилгис чараларды талап кылган туруктуу системалуу маселелерди аныктайт.

Жыйында социалдык өнүктүрүү, калкты иш менен камсыз кылуу, жакырчылыкты кыскартуу, социалдык төлөмдөр системасын жакшыртуу, эмгек рыногун өнүктүрүү, миграциялык процесстерди башкаруу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Социалдык төлөмдөр системасына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпул алуучулардын ичинен 41,6 пайызы “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар болуп саналат. Бирок акыркы жылдар аралыгында аталган жөлөкпул алуучулардын саны 359,5 миңден 152,9 миң адамга (111,0 миңден 42,6 миң үй-бүлө) чейин кыскарган. Бул динамика жакырчылыктан чыгаруу инструменти катары киргизилген социалдык контракт программасы менен шартталган, бирок аны системалуу түрдө баалоо жана камтууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

"Социалдык саясат формалдуулук эмес, тескерисинче, ишке аша турган — түшүнүктүү, максаттуу жана ага муктаж болгон ар бир адам үчүн натыйжалуу болушу керек. Ведомство калктын социалдык кызматтардын комплексин алуусун жөнөкөйлөтүү боюнча аракеттерди күчөтүшү керек. Президенттин үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Аны толук кандуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды өз убагында даярдоону камсыздоо маанилүү”, - деди Улан Маматканов.

Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде эмгекти, социалдык камсыздоону жана миграцияны интеграциялоого, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана жакырчылыкты кыскартууга, санариптештирүү жана аналитикалык мониторинг механизмдерин ишке ашырууга багытталган комплекстүү улуттук программаны иштеп чыгуу. Программада социалдык контракттарды иштеп чыгуу, кесиптик окутуу, калктын аялуу катмарын колдоо боюнча чаралар камтылууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости