www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин журүшүндө 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын кесепетинен жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды.
Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер кабинетинин негизги максаты – тургундар үчүн татыктуу шарттарды түзүү.
«Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет: иш отчеттуулук үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керек. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек», - деди министрлер кабинетинин төрагасы министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин отчеторун уккан соң.
Ошондой эле ал калыбына келтирүү иштери 3 категорияга бөлүнгөнүн кошумчалады:
Турак жайларды куруу:136 турак үйдүн курулушу башталды, аларды пайдаланууга берүү бир нече баскычта жүргүзүлөт.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсү үчүн 36 турак жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 6 сотыхтан ашык жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөрдүн курулушуна 5 гектар жер бөлүнүп берилген.
Экинчи этапта Лейлек районунун Максат айылында жана Баткен районунда жаңы үйлөрдү куруу иштери башталды.
Курулуп жаткан бардык турак жайлар кабыл алынган ченемдерге жана стандарттарга ылайык келерин, ошондой эле байланыштын бардык түрлөрү менен жабдыаарын белгилей кетүү керек.
Социалдык объектилердин курулушу: 8 социалдык объектинин, анын ичинде 5 мектептин, 2 бала бакчанын жана 1 медициналык мекеменин курулушу башталды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 250 млн сом бөлүнгөн.
Аскердик багыттагы объектилердин курулушу: Президенттин тапшырмасы боюнча, аскердик багыттагы бардык объектилердин курулушун тездетүү зарыл.
Андан соң мамлекеттик комиссиянын отурумунун алкагында чек ара аймактарынын жабыркаган тургундарын күбөлүк документтери менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Маалыматка ылайык, 200дөн ашык өздүгүн тастыктаган документтер берилген, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Исфана шаарларындагы Калкты тейлөө борборлору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.
Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык жана Ак-Сай—Рават жол тилкелерин реабилитациялоо сыяктуу инфраструктуралык маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол оңдоо ишканалары 44 чакырым жолду толугу менен тегиздеп, жол кыймылын камсыз кылган. Айрым участоктордо курулуш иштери 80%га бүткөрүлүп, калган участоктордо оңдоо иштери улантылууда.
Улукбек Марипов белгилегендей, иштер жүрүүдө, бирок анын темпин ыкчамдатуу зарыл.
«Президент тарабынан так милдеттер коюлган, аларды аткаруу керек. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде ырааттуулук жана тыкыр өз ара аракеттенүү болуусу керек. Биздин ишибиздин акыркы натыйжасы координациянын канчалык натыйжалуу уюшулгандыгынан көз каранды болот», - деп жыйынтыктады сөзүн министрлер кабинетинин башчысы.
Булак: NazarNews.kg